Жаңылыктар
Вивиана Гузмандын “чоор ханышасы” аталган концерти өттү
Маданият
Вивиана Гузмандын “чоор ханышасы” аталган концерти өттү

Бишкекте “чоор ханышасы” аталган Америкалык Вивиана Гузмандын өзгөчөлөнгөн концерти болду. Аны “Манас” камералык оркестри коштоп, Кыргыз Республикасынын эл артисти, дирижёр Эрнис Асаналиев жетектеди. Саамалык Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, келген конокторду кайдыгер калтырган жок. Композитордун чоор ойноо чеберчилигине анын күйөрмандары жакындан күбө болуп, алакан ысыганча кол чабуу менен коштолду. Ал быйыл эле 80 өлкөдө өз өнөрүн тартуулаган. Америкалык чоорчунун классикалык жанрдагы ойногон чыгармалары «Traveling Sonata» жана "GRAMMY" сыяктуу жогорку наамдарга татыган.

"Мен бала чагымда Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан мамлекеттер тууралуу көп уккам. Кийин ушул өлкөлөрдө өнөрүмдү тартууласам деп көп кыялдангам. Мына менин тилектерим орундалып жатат. Алгач Кыргызстандан баштадым, мени Кыргызстандын кооз жаратылышы таңгалдырып жатат",- дейт  чоорчу, композитор Вивиана Гузман.