Жаңылыктар
Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан мыйзам бузууларды аныктады
Чек ара
Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан мыйзам бузууларды аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук өткөрмө пункттарына жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынан авто унаа, күйүүчү май, курулуш материалдарын жана башка товарларды ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Алсак, “Чоң-Капка авто жолу” контролдук өткөрмө пунктунан 375 матрас тибиндеги габион буюмун, 1 тонна зым, 3000 чарчы метр геотекстиль ташып кирүү фактысы аныкталды. Жүктөрдүн жалпы наркы 1,7 млн. сомду түзөт. Жүк ташуучуларда коштоочу кагаздары болгон эмес.

Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунан 190 миң сом суммасында 21,7 тонна пияз, шып плинтусунун 6200 узундукту өлчөөчү метри, 3,6 млн. сомго 111,7 миң чарчы метр ламинат пленкасын алып келе жаткан унаалар кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы болгон эмес.

Ошол эле жерден ташып кирүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтерди толтурбастан 4 авто унааны өткөрүүгө аракет кылышкан. Белгилей кетсек, жаран жеке колдонуу үчүн бир гана машинаны алып келүүгө укуктуу, калгандары үчүн тиешелүү документтерди толтуруусу жана салык төлөөсү керек.

Ошондой эле, тиешелүү коштоочу документтери жок 1,5 тонна күйүүчү май, канистрлер менен 950 литр бензинди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.

Cнан айдоочулары 20 тоннадан ашуун курулуш материалын алып келишкен жана 20 тонна санитардык-техникалык жабдууларын алып келишкен авто унаалар кармалган. Импорттоочулардын колунда товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын мөөнөтү өткөн маалымкаты болгон.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.