Жаңылыктар
Жалал-Абадда АКШнын эки жараны кармалды
Кылмыш
Жалал-Абадда АКШнын эки жараны кармалды

Жалал-Абаддын Токтогул районунда мыйзамсыз баңгизат алып жүргөн деген шек менен АКШнын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында аталган адамдар түшкөн автоунаа токтотулган. Машинени текшерүү учурунда кармалган адамдардын биринин сумкасынан 1 киллограмм нашаа табылган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Токтогул райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Маалыматтар боюнча АКШнын жарандары ыктыярчы катары Аксы районунда англис тилин үйрөтүп жүргөн.