Жаңылыктар
Кыргыз - Түркмөн кызматташтыгы жигердүү өнүгөт
Саясат
Кыргыз - Түркмөн кызматташтыгы жигердүү өнүгөт

Президент Сооронбай Жээнбеков, 27-сентябрь - Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнү менен өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин куттуктады. 

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн мындан ары да жигердүү жана ырааттуу өнүгөт деп терең ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми түркмөн элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм, - деп белгиленген Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.