Жаңылыктар
Абдурахман Муртазалиев дүйнө биринчилигинде грэпплинг боюнча чемпион аталды
Спорт
Абдурахман Муртазалиев дүйнө биринчилигинде грэпплинг боюнча чемпион аталды

Кыргызстандык Абдурахман Муртазалиев Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде грэпплинг боюнча чемпион аталды. Анда бардыгы болуп Ги жана Но-Ги эрежелеринде 26 медалдын топтому ойнотулган. Мекендешибиз 84 кг салмактык категорияда үч жолу жеңип, дүйнө чемпиону болду. Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчулар жалпысынан 1 алтын, 1 күмүш жана 8 коло медаль алышты.

Абдурахман Муртазалиев 84 кг салмактык категориядагы Ги эрежесиндеги күрөштө мелдешкен. Чейрек финалда ал америкалык балбан Джонат Полду жеңип, жарым финалда италиялык балбан Риккардо Бертини утуп алган. Финалдык кармашта Муртазалиев Павел Недзи менен кез келип, биринчиликти камсыздап, дүйнө чемпиондорунун санын толуктады. Турнирге чейин эң алгач бардык каршылаштарын баштан-аяк изилдеп, катуу даярдык көргөн.

Атамекендик спортчу джиу-джитсу боюнча Улуттук федерациянын президенти болгондуктан, көпчүлүк убактысын спорттун аталган түрүнө кетирет. Мындан сырткары, грэпплинг боюнча эл аралык аренада көптөгөн ийгиликтерди жарата алды.

Дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандын командасы 1 алтын, 1 күмуш жана 8 коло медалды камсыз кыла алышты. Улуттук федерация өзүнун спортчуларынын мелдешке чыгышына абдан ыраазы деп билдирди грэпплинг боюнча Кыргызстандын жаш курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Оросулбаев. Грэпплинг боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатында командалык эсепте 2-орунду багындырды.