Айсулуу Тыныбековага мамлекет айына 75 миң сом стипендия төлөп берет. Ал 20-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган болчу.
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Кыргызстандагы биринчи дүйнө чемпиону болду.
Өкмөттүн алдыңкы спортчулардын стипендиясы тууралуу токтому боюнча, А.Тыныбекова 1-октябрдан тарта биринчи категориядагы стипендия — айына 75 миң сомдон алат. Ал буга чейин айына 60 миң сом стипендия алчу.