Жаңылыктар
Кыргызстандык көк бөрүчүлөр дүйнө чемпионатына катышпайт
Спорт
Кыргызстандык көк бөрүчүлөр дүйнө чемпионатына катышпайт

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт. Мындай чечим кечээ, 26-сентябрда федерациянын жыйынында кабыл алынган.

Көк бөрү федерациясынан Sport АКИpress басылмасына билдиришкендей, курама Ташкенттеги чемпионат жаңы эрежелер боюнча өтө тургандыктан катышуудан баш тартты. 

Тактап айтканда, тай казан жок болуп, улакчылар 20 мүнөттөн эки тайм ойношот.