Жаңылыктар
Келээрки жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы азайтылат
Экономика
Келээрки жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы азайтылат

Өкмөт өлкөнүн тышкы карызын азайтууга аракет көрөт. Келээрки жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы азайтылат. 2020-жылы парламенттик шайлоого 1 миллиард 200 миллион сом жумшалат. Мындай болжолдор менен маалыматтар өкмөттүн 2020-жылга карата республикалык бюджетти караган жыйынында айтылды.

Өкмөт башчы сегиз айдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички дүң өнүмү 6,2 пайызга өскөнүн белгиледи. Экспорт жогорулап, импорт азайды. Бирок товар алмашуудагы айырма дагы деле олуттуу бойдон калууда. Быйылкы жылдын бул көрсөткүчтөрү жана аткаруу бийлигинин экономикага багытталган кадамдары келээрки жылдын бюджетин аныктайт.

Республикалык бюджет тартыштыгынын 10 миллиард сомдон азайышы оң натыйжа катары каралууда. Себеби мурдагы жылдарда дефицит 20 миллиард сомдун тегерегинде болуп келген.

Бюджет тартыштыгын азайтуу айрым тармактарда эмгек акылар жогорулатылып жатканына карабай аткарылат.

Казынадагы каражатты тармактарга, мекемелерге бөлүштүрүүдөгү натыйжалуулук маанилүү. Жылдык бюджет каралып жатканда жетекчилер өз тармагын коргоого алат.

Кирешенин айрым бөлүгү мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалат. Тышкы карыз келээрки жылы азаят деген божомол бар.

Келээрки жыл саясий, маданий жана спорттук окуяларга бай болот. Алардын ар бирине каражат талап кылынат.

Өкмөттүн бул жыйынында келээрки жылдын бюджетинен сырткары айыл чарба тармагынын абалы да талкууланды. Насыянын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгына жумшалып, кайра иштетүүчү ишканаларга каражаттын 17 пайызы гана берилгени айтылды. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу жаңы ачылган ишканалар көбүрөөк. Өкмөт алардын ар биринин натыйжалуулугун текшерүү чечимин кабыл алды.