Жаңылыктар
Тоо арасындагы Терек-Сай айылы өнүгүү жолунда
Аймак
Тоо арасындагы Терек-Сай айылы өнүгүү жолунда

Алыскы Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында 100 орундуу бала бакча курулуп иштеп жатса, Кызыл-Токой айылында дагы экинчи жүз орундуу бакча пайдаланууга берилүү алдында.Эки кабаттуу соода түйүнү түптөлүп, инфраструктурасы иретке келтирилип жатат. 

Тоо койнундагы терексайлыктар, айылда бул өңдүү ири курулушту көрбөгөндөрүнө кыйла эле убакыт болгон. Эми минтип эки кабаттуу муниципалдык соода-түйүнүнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Анан калса айыл өкмөт өз эсебинен курулушту колго алган. Анын сметалык баасы 17 миллион сом. 

Айыл аймакта түнкү жарыктандыруу иши да колго алынган. Негизги көчөнүн 12 чакырымына түңкүсүн жарык берүүчү чырактар коюлууда. Жарыктандыруу үчүн 7 миллион сом жумшалууда. Мындан сырткары эки айылга жаштар үчүн футбол аянтчасы курулат.

32 миллион сомго курулуп, пайдаланууга берилген бала бакча Терек-Сай айылынын эң кичинекей тургундары үчүн мааниси чоң белек болду. Заманбап имарат зарыл болгон бардык шарттар менен толук камсыздалган.

Бакча демекчи, Кызыл-Туу айылына да 100 орундуу жаңы бала бакча салынып жатат. Районду өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 миллион сомго курулуп жаткан имарат жыл аягына чейин ишке берилет. Анын катарында Ак-Терек айылындагы бакчанын имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, учурда чоң залында капиталдык ремонт иштери жүрүүдө.

Элет элинин бул өңдүү социалдык муктаждыктарын орундатуу аракети толугу менен айыл өкмөттүн эсебинен чечилүүдө. Мындай мүмкүнчүлүк тоо-кен тармагынан түшкөн кирешенин арты менен түзүлүүдө. Аймакта болсо “Кыргызалтын” менен биргелешип иш алып барган Түркиянын “Эти Бакыр Терексай” ишканасы иштейт. Мында 300 дөн ашуун жумушчу эмгектенет. Келишимде каралгандай, жумушчулардын 80 пайызы жеригиликтүү тургундар. Ишкана 2016-жылы ишин баштаган. геологиялык чалгындоо иштерин колго алуу менен ушул күнгө чейин 2 жарым миллиард сом инвестиция салган. 2021-жылга чейин компания алтынды бөлүп ала турган фабриканы ишке салууну пландап жатат. Ал үчүн дагы 100 миллион сомдук инвестиция салынат.

Мунун менен катар кошумча 300 жаңы жумуш оруну түзүлөөрү да күтүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин салык жана башка төлөмдөрдү кошкондо “Эти Бакыр Терексай” ишканасы өлкө казынасына 800 миллион сомдон ашуун каражат которгон.