Акыркы эки жылда Кыргызстанда кант кызылчасынын аянты үч эсе көбөйдү. Ал эми анын түшүмүн жыйноо орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоннага чейин көбөйгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия кант ассоциациясынын аткаруучу директору Андрей Бодин менен жолуккан учурда айтылды. Разаков мамлекет жана кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжасында, акыркы жылдары шекерди өндүрүүнүн көлөмү өсүп жатканын белгиледи. Ошол эле кезде бир катар өлкөлөрдө, анын ичинен Орусияда кантты кантты импорттоонун шартына байланыштуу, шекердин баасы ичкы рынокто арзан болгонун белгиледи. Өткөн жылы ата мекендик заводдор өндүргөн шекер өздүк наркынан да төмөн болгон.
“Канттын дүң баасы, сатуудан алынуучу салыкты кошкондо орто эсеп менен 34-35 сомдон бааланды. Ошондой эле шекердин импорттолушу кант өндүрүшүнүн чыгашасынын 8-11% көбөйүшүнө алып келди. Бул ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы эркин товар алмашууну эске алганда, канттын дүйнөлүк жана аймактык баасынын төмөн болушу ишканаларга кыйынчылыкты алып келүүсүн шарттайт”, - деди вице-премьер-министр. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кант өндүрүшү тармагындагы кызматташууну жана даяр продукцияны сатуу үчүн рынокту кеңейтүү маселесин талкуулашты. 2016-жылдарга чейинки аралыкта Кыргызстанда колдонулган канттын 80% импорттолгон. 2016-жылы 67,7 миң тонна, 2017-жылы 102,2 миң, 2018-жылы 122,2 миң тонна шекер өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кылган. Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолуп, бюджетке түшкөн салым 19% жогорулады же 430 млн. сомду түзгөн.