Кыргызстанда 9 миңден ашуун индиялык студент билим алат. Алардын көпчүлүгү медициналык адистикке кызыгышат. Ал эми Кыргызстандык студенттер менен окутуучулар Индиянын жогорку окуу жайларындагы маалыматтык-технологиялар тармагында тажрыйбаларын үйрөнүшөт.
Умеш Дагар 3 жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Медакадемиянын 3-курсунда окуп, келечекте мыкты дарыгер болгусу келет. Айтымында Индияда дарыгер - кадыр-барктуу кесип.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы - советтер союзунда мыкты медициналык окуу жай катары таанылган. Бул кадыр-баркы эгемендүүлүк жылдары дагы жоголгон жок. 2001-жылы академияда чет элдиктер үчүн медициналык билим берүү боюнча бөлүм ачылып, Индиялык студенттерге жол ачылган.
Индияда медициналык адистикке суроо-талап чоң, 700 миң дарыгер талап кылынат. Мамлекет өзү дарыгерлерди даярдоого үлгүрбөгөндүктөн КМШ мамлекеттерине келип окушат. Чет элдиктер үчүн келишим акынын орточо баасы 3 миң доллар.
Индия Кыргызстандын медициналык билим берүүсүнө кызыкса, кыргызстандыктарды Индиянын маалымат-технологиялары кызыктырат. 2007-жылы мурдагы советтик мамлекеттерден жалгыз Кыргызстанда индиялык маалымат-технологиясы ачылган. Ал Кыргыз мамлекеттик курулуш университетинде жайгашкан. Индия мамлекети каржылаган бул долбоордун алкагында 4 компьютердик класс түзүлгөн.
Азыркы кезде борбордун өкүлдөрү маалымат-технологиялар борборунун ишин мындан да жандантуу үчүн Индиянын өкмөтүнө долбоор жазган. Ал сунуш жактырылды, эми документ эки мамлекет ортосунда бекитилиш керек.
Серепчилердин айтымында Индия менен билим берүү тармагында кызматташуунун келечеги чоң. Дарыгерлерди даярдоо боюнча ишти мындан да кеңейтүү зарыл. Мындан тышкары Индиянын жогорку окуу жайларынан маалымат-технологиялык тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү бар.