Жаңылыктар
Улуу Жеңишке 71 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңишке 71 жыл

1941‑жылдын 22‑июнунда фащисттик германия жүзү каралык менен бейпил турмушта жашап жаткан совет элине кол салган. Ошол күндөн баштап совет эли 1418 от күйгөн татаал жана азаптуу күндү басып өттү. Дал ошол оор жылдарда совет эли жыйырма жети миллиондон ашык уул‑кыздарынан ажырады.

Ырас, 1941-жылдын июнь айынан 1945-жылдын 9-майына чейин согуштун жалыны каптабаган үй‑бүлө анда калган эмес. Биздин кайгы‑капабыз, өмүрлүк жолдошторунан ажыраган жоокер жарларынын, жүрөгү жараланган энелердин орду толгус күйүтүн эч качан унута албайбыз. Ошондогу согуштун кайгысы да, Улуу Жеңиштин кубанычы да элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.

Улуу Ата мекендик согушта каармандык көрсөтөкөндөрдүн баатырдыгын даңазалаган эстеликтер биздин эсибизге от күйгөн согуштагы эр азаматтарыбыздын эскирбес эрдигин кабарлап турат. Ырасында согушта эли‑жери үчүн курман болгондор азыр арабызда. Анткени, алардын өмүрлөрү жылдын кайсыл гана мезгили болбосун көрүнүктүү жерде турган эстеликке айланган. Ал айкелдер душманга каршы кандуу кармашта жумурай журтубуздун бактысы үчүн өз өмүрлөрүн кыйгандардын урматына тургузулган. Алар жөнүндөгү элдин эсинде түбөлүк сакталып калган эстелик кылымдарды карытып, көкүрөгүбүздө жашай берет.

Чын, от күйгөн согуш талаасында эмне деген азаптуу күндөр өтөпөдү дейсиз. Биз аны кино тасмалардан көрүп алып, канчалык жаман абалда калабыз. Ал эми ошол кандуу окуяга аралашып. Күн‑түндү унуткарып согушта жүргөндүрдүн сөзүнүн таасири ушунда болсо керек. Фронтто эли-жери үчүн күрөшкөндөрдүн эрдиги эч качан унутулбайт!

К. Калилов, «Биринчи радио»