Жаңылыктар
ЕАЭБ: өнүгүү тармактары
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ: өнүгүү тармактары

Эл аралык бирикмелердин эээң жашы катары таанылганы менен атаандаштыкка туруктуу экени эмитеден байкалып келе жаткан Евразия Экономикалык биримдигинин жумалыгы Бишкекте 2 миңден ашуун ишкер чөйрөлөрүнүн жана кызмат адамдарынын башын бириктирди. Улуу Жибек жолун өзөгүнө камтыган Кыргызстанда Евразия жумалыгы өтүп жатышы бекеринен эмес. Анткени ушул жылдар аралыгында социалдык-экономикалык жактан татаал милдеттерди ортого алып, алардан натыйжалуу жыйынтык чыгарууда Кыргызстан арбын аракеттерди көрдү. 

Үзүлүп калган экономикалык эски байланыштарды жандандырып, тыштан коркунуч жарата турган экономикалык тобокелчиликтердин алдын-алууда да чечкиндүү кадамдар жасалды. Уюмдун ишин жакшыртууда ар кандай деңгээлдеги өз ара пайдалуу чечимдердин кеңири камтылышы Евразия биримдигинин келечегинен кабар берет.