Жаңылыктар
Таланты өзгөчөлөнгөн Кубатбек Жусубалиев
Билим
Таланты өзгөчөлөнгөн Кубатбек Жусубалиев

“Ага Хан” фондунун “Адам таануу” долбоору Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте ачык дарстарды өткөрүүдө. Бул иш-чаралар окуу-жайдын мугалимдери, окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана студенттердин кесипкөй өнүгүшүнө чоң салымын кошот. Мындай баяндамалардын коногу “Муздак дубалдар” аттуу китеби менен таанымал Кубатбек Жусубалиев болду. Анын “Толубай Сынчы”, “Амбар китеби”, “Кожожаш”, “Жети сөз жана Конфуций” жана башка көптөгөн чыгармалары эл оозунда. Ал прозаларды кыргыз тилинде жазса, ырларды орус тилинде жазган. 

СССР кинематографисттер Союзунун мүчөсү Кубатбек Жусубалиев Кыргыз адабияты менен маданиятына кошкон чоң салымы үчүн “КРдин маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” жана “КРдин эл жазуучусу” наамына татыган.

“Ушундай таланттуу жакшы ой-жүгүртүүсү бар мыкты адамдарды чакырып, ачык дарс, баяндамаларды өткөрүү абдан жакшы ой болуптур. Бул сунуш менин билишимче быйыл башталды. Атамдын ушул сыймыкка жетишкенине биз абдан кубанып турабыз”,- деди Кубатбек Жусубалиевдин кызы Жамбы Жусубалиева.