Жаңылыктар
Кыргызстанда кан донорлору азайды
Ден соолук
Кыргызстанда кан донорлору азайды

Кыргызстанда кан донорлору кескин азайган. Алардын саны 1985-жылы 178 миң 232 адам болсо, 2018-жылы Кыргызстанда 39 миң 864 кан донору бар экени аныкталган. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик мындай көрүнүштү үгүттөө иштеринин аздыгы, элдин социалдык жашоосу жана жарандардын бош убактысынын аздыгы менен түшүндүрөт.

Статистикалык маалыматтарды карасак, Кыргызстандагы кан донорлордун саны 2016-жылы 39 миң 426, 2017-жылы 37 миң 280 адам болгон.