Жаңылыктар
Индия тарап Кыргызстанга медицина чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүгө даяр
Ден соолук
Индия тарап Кыргызстанга медицина чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүгө даяр

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын аянтчасында жолугушту.

Министрлер эки тараптуу мамилелердин стратегиялык мүнөзүн белгилеп, аларды мындан ары өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Алар Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына (2019-жылдын июнь айында) болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты.

Индия тарап Кыргызстанга медицина чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүгө, соода мамилелерин күчөтүүгө, тараптар карап жаткан экономикалык жана финансылык долбоорлорду илгерилетүүгө даяр экендигин маалымдады. Ошондой эле кызматташтыктын актуалдуу багыттарын иштеп чыгуу үчүн өз ара сапарларды жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды.