Жаңылыктар
Тыныбекова дүйнөнүн эң мыкты балбандар тизмесинин сап башына чыкты
Спорт
Тыныбекова дүйнөнүн эң мыкты балбандар тизмесинин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакка чейинки дүйнөнүн эң мыкты балбандарынын тизмесинин сап башына чыкты. Бул тууралуу Биргелешкен дүйнөлүк күрөштүн сайтында жазылган. 

Казакстанда өткөн дүйнө чемпиондугунда баш байгени багындырган Тыныбекова Болгариялык Тайбе Мустафа Юсейнди жана Швециялык Хенна Катарина Йоханссонду өзүп өтү. 2017-жылы Айсулуу Тыныбекова 58 кг салмактагылар арасында рейтингдин алдынкы үчүлүгүнө кирген. 

Эскерте кетсек, Тыныбекова 20-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медалды багындырган. Ал финалдык күрөштө атаандашы Тайбе Мустафа Юсейнди 5:3 эсебинде жеңип алган.