Жаңылыктар
Инвестицияларды тартуу боюнча бирдиктүү институт түзүлөт
Экономика
Инвестицияларды тартуу боюнча бирдиктүү институт түзүлөт

Евразиялык экономикалык биримдиктеги бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу максатында инвестицияларды тартуу боюнча бирдиктүү институт түзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирди. Маалыматка ылайык, институт ар бир экспортер менен түзмө-түз иштеше байштайт. Ал эми көзөмөл-өткөрүү пунктарын тартипке келтирүү үчүн конкретүү иш-чаралар иштелип чыкмакчы.

Жалпыга эле маалым болгондой Кыргызстан былтыркы жылдын август айынан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин эрежелери менен жашап жатат. Чек аралар ачылып бажы бекеттери ачылгандан кийин экспорттолгон жана импорттолгон товарлар тууралуу маалыматтар чогултулууда. Ал арада премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн бирден бир милдеттеринин бири дал ушул экспортту алдыга жылдыруу экенин Жогорку Кеңеште баса белгиледи.  Евразиялык экономикалык биримдигинин биздин өлкө үчүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу максатында өкмөт инвестицияларды тартуу жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча бирдиктүү институтут түзгөнү жатат.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, сөз болуп жаткан институт экспортерлер менен түздөн-түз иш алып барат жана көзөмөл-өткөрмө пункттарын тартипке келтирүү үчүн ар-бир пункт боюнча конкреттүү чаралар иштелип чыгат. Премьердин айтымында, чек ара бекеттеринде абал чындыгында талаптагыдай эмес.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү. Демек бизден сыртка чыгарылуучу товарларга талап өтө жогору болууда.  Ушундан улам малдын асылдуулугун арттыруу жана ветеринариялык кызматты жөнгө салуу менен эл аралык талапка жооп берген санитардык-фитосанитардык лабораторияларды куруу күн тартибиндеги негизги маселелерден болууда. Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, маселен жергиликтүү базарларда сатылып жаткан сүттүн сапаты талапка толук жооп берет. Болгону алар эл аралык стандарттан өтүшү керек. Бул багытта бизден бир катар  сүт чыгаруучу ишканалар уруксаат кагазын алганга жетишкен.

Ал арада Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов Кыргызстанда азыркы учурда 30 фитосанитардык лаборатория бар экенин билдирет. Анын он тогузун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, эл аралык стандарттарга жооп берген  заманбап лабораторияларды курууга  45 миллион сом каражат керектелет. Ошондой эле учурда өкмөт  кыргыз-казак чекара тилкелериндеги ветеринардык көзөмөлдү алып салуу менен өлкө үчүн келечектүү тармактар боюнча бирдиктүү бажы тарифи боюнча алымдар тизимин кеңейтүү ишин жандантууну жагын караштырууда.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”