Жаңылыктар
АКШнын Орегон штатынын тургундары заманбап боз үй курушту
Дүйнө
АКШнын Орегон штатынын тургундары заманбап боз үй курушту

АКШнын Орегон штатында жашаган Зак жана Николь аттуу жаш түгөйлөр заманбап боз үй куруп, аны видеого тартып You Tube порталынын "Чакан үйдөгү чоң жашоо" каналына жарыялашты. Тасмада Зак буга чейин фургондо жашап келгенин жана бир жыл мурун заманбап боз үйдү курууну чечкенин билдирген. 

Боз үйдү тургузууга тууган-достору дем алыш күндөрү келип жардам көрсөтүшкөн. Үйдүн диаметри 9 метрди түзөт. Бардык шарттары менен курулган, ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана жана эс алуучу бөлмөсү каралган. 

Боз үй - кооз жана ыңгайлуу үй. Архитектура тармагынын чыныгы казынасы. Өзгөчө үйгө кылган саякатыбызга күбө болуңуз, - деп айтылат тасмада.