Жаңылыктар
Мугалимдердин маянасы жогорулатуу боюнча токтомго кол коюлду
Билим
Мугалимдердин маянасы жогорулатуу боюнча токтомго кол коюлду

Мугалимдердин маянасын жогорулатуу боюнча токтомго премьер-министр кол койду. Ага ылайык, билим берүү тармагынын 120 миңдей кызматкеринин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлөт. 

Мектеп, бала бакча, жогорку окуу жайлары, мектеп-интернаттар жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын мугалимдери, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жогорулатылган маянасы 1-октябрдан тартып эсептелет.

Ошондой эле, 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда. Тиешелүү токтомдорго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 7 %дан 18 %га чейин жана андан ашык көбөйөт. Пенсияны эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча анын орточо көлөмү 5 миң 820 сомду түзөт. Премьер-министр белгилегендей, социалдык төлөмдөрдү сапаттуу жана толук кандуу аткаруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдеттиринин бири болуп саналат.