Жаңылыктар
Улуттук жазуучулар союзуна 85 жыл
Маданият
Улуттук жазуучулар союзуна 85 жыл

Улуттук жазуучулар союзунун уюшулганына 85 жыл болду. Бул мааракенин урматына арналып, “Кызыл учкундан - улуттук жазуучулар союзуна чейинки жол” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп өттү. 

Анда акын, жазуучуларды колдоо, чыгармачыл уюмдардын даражасын жогорулатуу сыяктуу маселелер каралды. Адамдарга руханий байлык тартуулаган чыгармачыл интеллигенцияны мамлекет өзү колдоп, кам көрүшү керек. Бул багытта аракеттер жандана баштагандыгын айтат Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев.