Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат
Экономика
Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь жана 1-октябрь күндөрү Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ал белгилегендей, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт. 

Бул саммиттин өзгөчөлүгү - анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” Эл аралык форумун уюштуруу пландалууда,- деди Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.