Жаңылыктар
Каржы министринин иш бөлмөсү тинтилди деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Каржы министринин иш бөлмөсү тинтилди деген маалымат чындыкка дал келбейт

Каржы министринин иш бөлмөсү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан тинтилген, - деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти. 

Өкмөттүн сот өкүлчүлүк борборунун акча каражатты максатсыз пайдалангандыгы боюнча документтери Финансы министрлигинин документтер сакталуучу жайынан кызматкерлердин катышуусунда алынган. 

Ага учурдагы Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева уруксат берген. Бул кылмыш иши Жээнбаева келе элек убактагы,тагыраак айтканда, 2012-2015-жылдарга туура келет, - деп айтылат маалыматта.