Жаңылыктар
Жумгал районунда жолдор оңдолууда
Аймак
Жумгал районунда жолдор оңдолууда

Жумгал районунун Чаек айылынын ички жолдоруна асфальт төшөлдү. Үч чакырым жолдун астынан өткөн суу өткөрүүчү түтүктөр толугу менен алмашылып, асфальт төшөө жумуштары аягына чыкты. Ишти райондук №24 жол тейлөө ишканасы көзөмөлгө алып, тендер жарыялоо менен жеке менчик компанияга беришкен. Буга жалпы 18 млн. сом бюджеттен бөлүнгөн.

“Бул биздин быйылкы план болчу. Каражат капиталдык салымдар беренесинен бөлүндү. Буйруса иштер аяктап алды. Эмки жылы да ички жолдорду оңдоо жумуштары жүрөт”,- деп билдирди  №24 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Тариэл Садыков.