Жаңылыктар
Каракол шаарынын ички жолдору оңдолууда
Аймак
Каракол шаарынын ички жолдору оңдолууда

Каракол шаары боюнча 3 чакырымдан ашык жол толугу менен оңдолуп, пайдаланууга берилгени турат. Учурда асфальт төшөө иштери дээрлик аяктап калды. Бул ремонт иштери үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду, Транспорт жана жолдор министрлиги, ошондой эле Каракол шаарынын мэриясы каражат бөлгөн. 

Эске салсак, Караколдун жолдору мындан 30-40 жыл мурда асфальтталган бойдон, капиталдык ремонттон өткөн эмес. Мунун кесепетинен шаар макамына жолдор жооп бербей, эл ичинде бир топ нааразычылыктар болуп келген. Быйыл гана калаа жолдорун оңдоодо эски асфальт толугу менен сыйрылып, жаңы асфальт басуу иши колго алынган. 

Муну менен катар, жол асты өтүүчү коммуникация, жол жээктей арыктар, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн тратуарлар эске алынган. Түнкү жарыктандыруу да жаңыланууда.