Жаңылыктар
Бишкекте жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар төмөндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар төмөндөдү

Коопсуз шаар" долбоору иштегенден бери Бишкекте жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуу 50%га, ал эми Чүй облусунда 70 %га төмөндөдү. Бул көрсөткүчтөр долбоор ийгиликтүү ишке ашып, так натыйжалар бар экенин далилдейт - деди Премьер-министр. Ошол эле учурда видео байкоо камералары ар кандай кырсыктардын бетин ачууда да жардамга келүүдө. 

Жыл аягына чейин долбоордун экинчи баскычы ишке киргизилгени турат. Өкмөт башчы жол кырсыктарын азайтып, адам өмүрүн сактоо максатын көздөгөн долбоордун биринчи баскычын жүзөгө ашырууга салым кошкон мекемелердин өкүлдөрүн сыйлады.