Жаңылыктар
Анжелика Сидорова шырык менен секирүү боюнча дүйнө чемпиону болду
Спорт
Анжелика Сидорова шырык менен секирүү боюнча дүйнө чемпиону болду

Орусиялык спортчу Анжелика Сидорова шырык менен секирүү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал 4 метр 95 смге секирүү менен жеңишти камсыздады. Экинчи орунда 4 метр 90 смге секирген америкалык спортчу Сэнди Моррис, ал эми коло медалдын ээси 4 метр 85 смге секирген Екатерини Стефаниди болду. 

Анжелика Сидорованын жеңиши орусиялыктар үчүн турнирде алгачкылардан болду. Анткени Орусиялык жеңил атлетика боюнча федерация четтетилгени үчүн бейтарап макам менен чыгышкан. Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясы Орусиялык жеңил атлетика боюнча федерациянын мүчөлүгүн калыбына келтирбей, анын четтетилүүсүн узарткан. Жыйынтыгында орусиялык спортчулар Катардагы дүйнө биринчилигинде бейтарап желек менен чыгууга дуушар болушууда. Турнирге орусиялык 30 спортчу кирген.