Жаңылыктар
Бишкекте КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун жыйыны өттү
Саясат
Бишкекте КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун жыйыны өттү

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлордун координациялык кеңешинин 29-жыйыны өтүп жатат. Анда шериктеш мамлекеттердин башкы көзөмөл органдары тажрыйба алмашуу, кызматташуу, мыйзамдуулукту, адам укуктарын сактоо жана прокурорлук ишмердүүлүккө байланыштуу маселелерди талкууланды. 

Ар бир өлкөнүн өкүлү өз мекенинде аткарылып жаткан иштери тууралуу айтып беришти. Алсак, маң заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу эл аралык кызматташуу, коррупция менен күрөшүү, кылмыш иштери жана экстрадициялоого укук жагынан жардам көрсөтүү тажрыйбасы сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, адам сатуу, мыйзамсыз миграция, экстремизм, маалымат технологиялары аркылуу кылмыштар менен күрөшүү тууралуу да сөз болду.