Жаңылыктар
Президент КЭРдин Төрагасын куттуктады
Саясат
Президент КЭРдин Төрагасын куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгы менен Төрага Си Цзиньпинди куттуктады. Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күндөн баштап Си Цзиньпиндин кытай элинин турмушун жакшыртууга, өлкөнүн жогорку жетишкендиктери үчүн кошкон салымы баа жеткис экенин айтты. 

"Үстүбүздөгү жылдын июнь айында сиздин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитиңизди жана ШКУ Саммитине катышууңузду өзгөчө жылуулук менен эстейм. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө Сиз менен жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, кеңири түшүнүшүүгө жетишип, кыргыз-кытай достук кызматташтыгы үчүн жаркын келечекке биргеликте ниет койдук деген пикириңизди толугу менен колдойм. Өз кезегимде ынак коңшулук, достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мындан ары дагы Сиз менен биргеликте бардык аракеттерди көрүүгө даяр экенимди ырастайм»,- деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоосунда. 

Ошондой эле президент Төрага Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакты-таалай жана дос кытай элинин бакубатчылыгы, тынчтыгы жана гүлдөп өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.