Жаңылыктар
С.Жээнбеков кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады
Саясат
С.Жээнбеков кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы улгайган адамдарды 1-октябрь карылардын Эл аралык күнү менен куттуктады.

"Карысы бардын ырысы бар", деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен. Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз. Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — азыркы муундун милдети. Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат. Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат.

Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү. Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!",- деп жазылат президенттин куттуктоосунда.