Кыргызстанда быйыл техникалык жана табигый мүнөздөгү 28 өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги маалымат жыйында ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун бөлүм башчысы Рахман Абдувапов билдирди.
«Бул жылы Бишкекте 2 ири өрт чыкты. "Фрунзе" заводу менен Валиханов көчөсүндөгү кампа өрттөндү», - деди ал.
ӨКМдин маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 2,7 млн сом зыян келтирилди. 28 өзгөчө кырдаалдан ичинде Бишкектеги 2 ири өрт, өкмөттүк жолдогу жол кырсык, Баткендеги жол кырсык, катуу шамал, сел жана башкалар бар.