Сокулук районунун Орок айылындагы атышуу боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук Ички иштербашкармалыгынын маалыматына ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Эске салсак, Орок айылында 29-сентябрь күнү үйлөнүү той учурунда жергиликтүү тургундардын арасында мушташ чыгып, эркектердин бири тапанчадан ок чыгардган. Окуядан эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.