Жаңылыктар
Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун сот иши каралып жатат
Саясат
Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун сот иши каралып жатат

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму өтүп жатат. 

Отурумда  Чотоновдун иши боюнча ички иштер министринин мурдагы  орун басары Бакыт Алымбеков күбө катары көрсөтмө берди. 

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чотонов менен Леонид Маевский  «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларынын көзөмөлдөгү пакетинин суммасын макулдашуу үчүн 2010-жылы 13-майда «Супара» ресторанында жолугушкан. 

 Күбөнүн айтымында, 2010-жылы 13-майда Чотонов, Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку төрагасы Курманакун Матенов менен чогуу тик учак аркылуу Ошко учушкан. Ал учурда митингге чыккандар Ош облустук администрациясын басып алышкан. 

Мамлекеттик айыптоочу Ошко кимдин буругу менен барышканын сурады. Алымбековдун айтымында, мурдагы  коргоо министри Исмаил Исаковдун тапшырмасын аткарышкан.