Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында 180 баш мал кармалды
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасында 180 баш мал кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" көзөмөл-өткөрүү  пунктуна жакын жердеги транспорттук көзөмөл  жана товарларды эсепке алуу  бекетинен ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып келе жаткандарды кармады.  

Маалыматка ылайык,  180 баш ири мүйүздүү малды ташыган машиналар кармалган. Алардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын документтери болгон эмес.