Жаңылыктар
1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйдү

1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу жана базалык бөлүгүнүн өлчөмү көбөйдү. Мындай шартты бекемдеген токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Өлкөдө пенсиянын өлчөмү жыл сайын көбөйтүлөт жана учурда орточо пенсия 5 миң 820 сомду түзөт.

Нааргүл Абдувасиева ардактуу эс алууга чыккандан бери неберелерин карап, үйдө. Бакчага ташыйт, кичине сыркоолоп калганда минтип бейтапканага да алып келип дарыгерлерге көрсөтөт. Неберелери менен өмүрүнүн таттуу учурларын өткөрүп жаткан каарманыбыз пенсиясы тийгенде аларга таттууларды алып берип эркелетет. Пенсия көбөйдү дегенди уккандан бери сүйүнүп жатканын жашырбаган Нааргүл айым жогорулаган пенсиясын алганы турат.

Пенсия курагындагыларга татыктуу каражат чегерүү максатында пенсиянын өлчөмү жыл сайын көбөйтүлөт. 1-октябрдан тартып анын камсыздандыруу жана базалык бөлүгүнүн өлчөмү дагы көбөйдү. Мындай шартты бекемдеген токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргызстанда пенсия курагындагы жарандардын саны 667 миң. Пенсияга кошула турган каражаттар бюджетте бекитилген. Бул сумма 659 млн сомдон ашыгыраак каражатты түзөт. Анын 67 млн сому республикалык бюджеттин эсебинен базалык бөлүккө жумшалат, ал эми 592 миллион сомдон көбүрөөк каражат пенсиялык фонддон каржыланат. Ошондо эсептөөлөр боюнча пенсияга орточо эсеп менен 328 сом кошулат. Октябрдын башында пенсионерлер көбөйтүлгөн акчасын ала баштайт.