Жаңылыктар
Арменияда өткөн саммиттин жыйынтыгында 16 документке кол коюлду
Экономика
Арменияда өткөн саммиттин жыйынтыгында 16 документке кол коюлду

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынын Армения мамлекети кабыл алды. Уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери Ереван шаарына чогулуп, Президент Сооронбай Жээнбеков уюмдун азыркы учурда алып барып жаткан ишине баасын берип, айрым мүчүлүштүктөр тууралуу эскертти. Жыйында интеграциялык процесстер, өлкөлөр ортосундагы бажы, салык төлөмдөрүнө байланышкан маселелер талкууланды. Евразия экономикалык биримдиги менен Сингапурдун ортосунда эркин соода жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Евразия экономикалык биримдигинин кезектеги саммити өзүнчө бир өзгөчөлүккө ээ. Уюмдун жыйынына биринчи жолу эркин соода жүргүзүү боюнча өнөктөштөр Иран менен Сингапур мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Молдова мамлекети байкоочу, бирок бул өлкө дагы акыркы кезде уюмга кошулуу ниетин билдирип келет. Жалпы сегиз мамлекеттин башчылары бүгүн Ереван шаарында чогулушту. 


Армения Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына дыкат даярдык көргөн. Коопсуздук чаралары күчөтүлүп, шаардын борбордук бөлүгүндө делегациялардын эркин жүрүүсүнө шарт түзүлгөн. Мамлекет башчылары Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катышуу үчүн 30-сентябрдан тарта келе башташты. Ал эми саммиттин негизги бөлүгү бүгүнкүгө белгиленген.

Мамлекеттик резиденциянын алдында мамлекет башчыларын Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян тосуп алды. Пашинян Президент Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, саммиткке келгендиги үчүн ага ыраазычылык билдирди. Бардык мамлекеттердин башчылары чогулган соң, бирге сүрөткө түшүү аземи орун алды. Сүрөткө түшүү бул өңдүү эл аралык жыйындарда салтка айланган иш-чара.

Ереван эки күнгө дүйнөлүк саясаттын чордонуна айланды. Никол Пашинян Армениянын Премьер-министри болуп шайлангандан бери Евразия экономикалык биримдигинин жыйынын биринчи жолу алып барууда. 2019-жылы уюмга жана анын бардык аткаруучу органдарында Армения төрагалык кылды. Пашинян өз өлкөсү ЕАЭБдин алкагында жүктөлгөн тапшырма милдеттерди так аткарды деген пикирде.

Тар чөйрөдөгү жыйын дээрлик бир жарым саатка созулду. Мамлекет башчылары уюмдун алкагындагы бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Евразия экономикалык биримдиги ал түзүлгөн акыркы 5 жылдан бери кубаттуу интеграциялык биримдикке айланды. Бирдиктүү бажы мейкиндиги түзүлүп, экономикалык өнүгүүгө карай жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бул өңдүү ыкчам иш аракеттерге карабай уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүгүртүү жана бажы көзөмөлдөрүнө, салык төлөмдөрүнө келгенде жасалма тоскоолдуктар дагы деле орун алууда. Өлкө башчысы саламдашуу сөзүнөн кийин, уюмдун алкагындагы мына ушул мүчүлүштүктөргө токтолду.

Уюмдун ишмердиги, анын алдыдагы тапшырма милдеттери боюнча ар бир мамлекеттин башчылары өз пикирлерин билдиришти. Саммиттин жыйынтыгы менен 16 документке кол коюлду. Анын ичинде бажы төлөмдөрүн уюмга мүчө мамлекеттердин бюджетине карата бөлүү, ЕАЭБдин кийинки жылга бюджети жана биримдиктин эл аралык кызматташтык боюнча ишмердигинин пландары, андан сырткары ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге көгүлтүр от жеткирүү багытындагы мыйзамдарды жакшыртуу документтери бар.

Евразия экономикалык биримдиги менен Сингапур мамлекетинин ортосунда эркин соода жүгүртүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул эң ириде уюмдун аймагын кеңейтип, ага кирген бардык мамлекеттер менен экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны өз ара түшүнүшүү, макулдашуунун негизинде өтүп, жыйын жемиштүү аяктады. Арменияда саммиттин ийгиликтүү өткөнүн мына бул сүрөттөр да далилдеп тургандай. Президенттер 30-сентябрда бейформал жолугушууда селфи кылып, аны Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана Сингапурдун өкмөт башчысы Ли Сянь Лун социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн. Бүгүн президенттер кол койгон 16 документтин бири - Евразия экономикалык биримдигинин кийинки жыйынын өткөрүү убактысы жана ордун аныктоого багытталган. Ага ылайык ЕАЭБге келерки жылы Беларусия төрагалык кылып, 2020-жылы саммит Минск шаарында өтмөкчү. Мына ошондо бүгүн кабыл алынган иш-чаралар планынын жыйынтыгы чыгарылып, баа берилет.