Жаңылыктар
Бишкек жылуулук борбору кышка даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек жылуулук борбору кышка даяр

Бишкек жылуулук борбору кышка 90 пайыз даяр. Учурда мындагы кара алтындын көлөмү 130 миң тоннаны түзөт. Көмүрдүн сапаты болсо атайын лабароторияларда текшерилип турат. Бул тууралуу борбордун жетекчиси билдирди.

Бишкек жылуулук борборундагы кара алтындын учурдагы көлөмү 130 миң тоннаны түзөт. Анын 120 миңи Кыргызстандыкы болсо,10 миң тонна көмүр чет жерден ташылып келген. Ал эми мында көрүнүп турган жабдуулардын кызматы көмүр түшүрүү эле эмес, андан чыккан чаңды сыртка чыгарбай чыпкалоо болуп саналат.

Көмүрдүн чаңын сыртка чыгарбаган бул шаймандар кайрадан жаңыланып жасалган. Кошумча жабдуулары кошулуп, көмүрдүн түбүнө чейин камтый алгандыгы менен ыңгайлуу экендигин адистер айтышат. Жалпысынан бир жылга 1 миллион 104 миң тонна көмүр керектелет. Ага ылайык, түзүлгөн график боюнча тиешелүү көлөмгө жеткенге чейин көмүрдүн келүүсү улана берет.

Көмүрдүн сапаты Жылуулук жайындагы лабароториялардан текшерилип турат. Туура сакталган көмүр 2 жылга чейин сапатын жоготпойт. Мындай көмүрдү өңүнөн билүүгө болот. Эгер жалтырап турса анын жакшы бышкандыгынан кабар берет. Ал эми күңүрт топурак өңдүүсүн жетиле элек начар көмүр деп билиш керек. Негизи көмүрдү жер кургак учурда сатып алган оң. Анткени көмүргө суу тийип же нымдуу абада ачык туруп калса сапаты жоголо баштайт.

Бишкек жылуулук борборунун аймагындагы капиталдык оңдоп-түзөөлөр аяктап, көмүр өз убагында алынып келүүдө. Иш ушул нукта улана берсе, кыш мезгилине даяр болобуз дешет Бишкек жылуулук борборунун кызматкерлери.