Жаңылыктар
Депутат Ч.Айтматовдун үй музейин оңдоону сунуштады
Маданият
Депутат Ч.Айтматовдун үй музейин оңдоону сунуштады

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Жыйындын жүрүшүндө күн тартиби бекитилди.

Депутат Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейи боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, үй музей мамлекеттин менчигинде эмес. Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, музейди оңдоо иштерине бюджеттен акча которууну карап көрүүнү сунуштады.

«ШКУ саммити болгондо Владимир Владимирович Путин көрүп чыкты. Башка мамлекеттердин да жетекчилери келет. Ушул музейге барышы мүмкүн, анан уят болуп калбайлы. Премьер-министрге айтып, жолун таап, токтомду же мыйзамды өзгөртөсүңөрбү, маселеге жакшылап көңүл буруп койсоңор», - деди депутат.