Жаңылыктар
Өлкөнүн саясий жашоосунда аялдардын үнү угулбай жатабы?
Саясат
Өлкөнүн саясий жашоосунда аялдардын үнү угулбай жатабы?

2022-жылы өтө турган жергиликтүү кеңештин тең жарымын аял депутаттар түзүшү керек. Бул туурасында "Аялдар өзгөртүүнү алып келет" долбоору максат кылууда. Буга чейин демилгечилер активист аялдар арасында сынак өткөрүп, жер-жерлерде 16 аял лидерди тандап алган. 

Эми катышуучулар саясатка баруунун жол жобосун үйрөнүп, өзүнүн билимин башка айымдарга жайылтышы керек. Серепчилердин айтымында лидер аялдарды саясатка алып келүүгө багытталган долбоордун мааниси чоң. Анткени Кыргызстандын мыйзамдарында гендердик теңдүүлүк шарттары эске алынганы менен өлкөнүн саясий жашоосунда аялдардын үнү угулбай келет.