Жаңылыктар
Өкмөт башчы Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Экономика
Өкмөт башчы Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алтын ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер жана Кыргызстан менен «Центерра Голд» компаниясынын Стратегиялык макулдашуусунун күчүнө киргенине байланыштуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы кенге барган сапарынын жыйынтыгында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

«Кумтөр» кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу маселеси «Центерранын» президенти Скотт Перри менен жолугушууда негизги маселелерден болуп талкууланды.

«Бул салыктык төлөмдөргө, жумушчу орундарды сактоо жана жалпы эле ата мекендик экономикага жакшы таасирин тийгизет. Компаниянын 2020-жылдагы бюджетине геологиялык чалгындоо иштерине 20 миллионго жакын АКШ доллары киргизилди», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле, Кыргызстандын дивиденттерди төлөө маселеси тууралуу дагы сөз кылды. Анын айтымында, «Centerra Gold» компаниясынын президенти Скотт Перри жакынкы арада Директорлор кеңешинин кароосуна бул маселени киргизүүнү жана аны чечүүнү убада кылды. Мындан тышкары тараптар эсебинде 40 миллионго жакын АКШ доллары бар рекультивациялык фондго байланыштуу маселени дагы талкуулашты. Кумтөр кениндеги концессиялык аянт тууралуу сөз кылган Мухаммедкалый Абылгазиев, учурда компания 2009-жылдагы келишимдин негизинде берилген кошумча аянтка ээлик кылууда, мындан башка кошумча территория дагы кошулган жок, Сарычат-Эрташ мамлекетик коругунан да жер берилген жок.