Роскомнадзор Орусияда "Фергана" маалымат агенттигине бөгөт койду. Басылма өлкөдө жайылтууга тыюу салынган маалыматтарды камтыган ресурстардын тизмесине киргизилди.
"Фергана" — Орусияда каттоого алынган, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуяларды баяндаган басылма. Редакция көзөмөл кызматынан эскертүү албаганын жана бөгөттөөнүн себептерин билбей турганын белгиледи.
Басылмага маал-маалы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө да чектөө киргизилип келген. Учурда Орусиядан тышкары Түркмөнстанда да "Фергана" сайты бөгөттөлгөн.