Жаңылыктар
ӨКМ: кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары көрүлүүдө
Кырсык
ӨКМ: кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары көрүлүүдө

Өлкөдө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча бир айлык жарыяланган. Буга ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анын алкагында табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуу, өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүү боюнча окутуулар жана машыгуулар болууда. Жарандык коргонуунун даярдык мерчеминин негизинде командалык штабдык машыгуу өткөрүлөт.