Жаңылыктар
Кыргызстандык дзюдочу дүйнө рейтингинде жогору көтөрүлдү
Спорт
Кыргызстандык дзюдочу дүйнө рейтингинде жогору көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча эл аралык федерациясынын рейтингинде 9-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг 29-сентябрда жарыяланган. Анда кыргызстандык дзюдочу 60 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында 249 упай менен 9-орунга жазылган.

Мындан сырткары Айбек уулу чоңдор арасындагы турнирде дагы катышат. Ал аталган рейтингде 520 упай менен 76-орунда. Ал эми жаштар арасында Адил Мырзаев 13-орунду ээлейт.

Буга чейин Кубанычбек Айбек уулу Япониянын Токио шаарында өткөн дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында 7-орунду алган. Ал 1/8 финалда моңголиялык дзюдочуну көтөрүп чаап, жеңишке жеткен болчу.