Жаңылыктар
Москвадагы мигранттардын арасында кылмыштуулук көбөйдү
Кылмыш
Москвадагы мигранттардын арасында кылмыштуулук көбөйдү

Кыргызстандык жарандар аш-той өткөрүүнү, жада калса туулган күндөн баштап ар кандай маараке, майрамдарды белгилөөнү алыста жүрсө дагы унутта калтырбайт. Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз ири шаарларда кафе-ресторан ачып иштетсе, андай жайларга көбүнчө жаштар баш багат. Дал ошондой жайлардан кылмыш аракеттери аныкталган.

  Кыргыздар ачкан кафе-бар, ресторандарда кишинин аягы үзүлбөйт. Өзгөчө түнкүсүн музыка жаңырып, улан-кыздар бийге түшүп, чер жазып, ээн эркин эс алат. Бөтөн элде жүргөн мекендештер чогулуп, сыр чечип кубанычтарын бөлүшөт.
Көңүл ачуучу жайларга көбүнесе жаштар агылат. Алар ата-энесине баары жайында деп көңүлүн жайгарат. Бирок айрымдары түнкүсүн кафеге көп каттап, кээ бири адат кылып алган.
Медалдын эки бети бар дегендей, кылмыштын көбү ушул жерлерде башталат. Ичип-чегип алган жердештер ортосунда от тутанып, акырындап чыр-чатакка такалат. Адам өмүрүнө зыян келтирген бир катар кылмыштар да катталган. Уюшкан кылмыш топтору баш бага калып тургандыктан, бир жыл аралыгында кафелерде бир топ оор кылмыштар жасалган.
“2015-жылы кафенин биринде өз ара атышуу болуп, жаңжал болуп акыры бир жаран каза болгон. Дагы 3 адам оор жаракат алып, бирөө дайынсыз жоголду. Кафелерде бычакташкандар бар. Патриоттор дегендер кыздарды кармап коркутушат” - деп билдирди Россиядагы ИИМ өкүлчүлүгүнүн тескөөчүсү Бактыбек Камбаров.
Россияга иш издеп барган өзбек, тажик жана башка элдин өкүлдөрү шаан-шөкөтү жок эле тынч иштеп, тапкан ташыганын жыйнап, ашыкча чыгымдан оолак жүрөт. Азия улутундагы мигранттар арасынан кыргыздар той-топурга жакын экени байкалат. Мунун баары ысырапкорчулук, ашыкча чыгым экени анык.
Дегеле Россияда мекендештерибиз катышкан түрдүү кылмыштар катталып турат. Жакында эле өзүлөрүн “патриотпуз” деп кыздарды опузалаган уландар кармалган. Мекендештерин карактаган түгөйлөр да колго түштү. Бул тутулгандар чети десек болчудай.
 Адистер билдиргендей, көбүнчө тиричилик маселесине байланыштуу кылмыштардын саны жогору. Мисалы, жумушсуз калгандар айласы кеткенде иши жүрүшүп жаткан мекендештерине кол салып жиберген учурлар арбын.