Жаңылыктар
Чек арадагы чатакта жаракат алгандардын абалы
Ден соолук
Чек арадагы чатакта жаракат алгандардын абалы

Кыргыз-тажик чек арасындагы  чатакта  жаракат алгандар дарыланууларын   улантууда.   Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка караганда,  Лейлек районунан Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген 10 жабырлануучунун төртөө —ооруканадан чыгарылган,  1 жабырлануучу  дарыланып жатат. 

Ал эми 5 аскер кызматкери аскердик госпиталга которулду.  Октон жаракат алган аскер кызматкери эсине келген.  Калган жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык. 

Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан  кыргызстандык 1 чек арачы каза болуп, 13 адам жаракат алган.