Жаңылыктар
Таза жана заманбап шаар үчүн аракеттер
Кыргызстан жаңылыктары
Таза жана заманбап шаар үчүн аракеттер

 Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы Бишкек шаарын өнүктүрүү, шаар инфраструктурасын жана шаардыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча борбордук муниципалитеттин ишмердигинин негизги багыттары боюнча маалымат алды. 

Албек Ибраимов борбордук кызматтарды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун чаралары, Бишкектин көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү, баш калааны жарыктандыруу жана жашылдандыруу пландарын айтып берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев мэрия шаардыктардын күнүмдүк маселелерин тезинен чечүүгө тийиш экенин белгилеп, баш калаанын маанилүү маселелерине токтолду. 

Мамлекет башчысынын айтымында, мэриянын ишине шаардыктар такай көз салып турат, алар Бишкектин таза, жашоого жайлуу жана заманбап шаар болушун каалашат.