Жаңылыктар
Мектепке каражат чогулткан мугалимдерге чара көрүлөт
Билим
Мектепке каражат чогулткан мугалимдерге чара көрүлөт

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков педагогдорго, мектеп администрациясына окуучулардан же ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыгарды. Айрым мектептерде мажбурлап каражат топтогон көрүнүштөрдүн аягы нааразычылык акциясына чейин жеткен.

Чынара Апиеванын 5 баласынын үчөө мектеп курагында. Алар каражат чогултуу жагынан атагы чыгып, чуу болгон Новопавловка айылындагы мектепте билим алышат. Ата-энелердин жапырт нааразычылыгы коомчулукка жетип, билим берүү жайынын директору иштен алынган.