Жаңылыктар
Жээнбеков ЕАЭБ рыногундагы негизги көйгөйлөрдү айтты
Экономика
Жээнбеков ЕАЭБ рыногундагы негизги көйгөйлөрдү айтты

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин кезектеги жыйыны уюмдун мындан аркы ишмердигиндеги жаңы багыттарды аныктады. ЕАЭБ менен Сингапур мамлекетинин ортосунда эркин соода жүргүзүү келишимине кол коюлса, биримдиктин алкагында бирдиктүү каржы базарын түзүү концепциясы да маанилүү кадамдардан болуп калды.

Бажы төлөмдөрүнөн чогулган каражаттарды мамлекеттерге карата бөлүштүрүү, бажы көзөмөлдөрүндө жаралып жаткан жасалма тоскоолдуктар жыйында талкууланды.