Жаңылыктар
Кубатбек Боронов "Алтынкен" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Экономика
Кубатбек Боронов "Алтынкен" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак сол жээк кенинде өткөн көчмө жыйынына катышты. 

Жыйында кенди иштеткен "Алтынкен" ишканасынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелер каралды. Кеңешменин алкагында экскурсия уюштурулуп, ишкананын өндүрүш процесси, жумушчулардын эмгек жана жашоо шарттары тааныштырылды.

Биринчи вице-премьер-министр Талды-Булак сол жээк кенинде компаниянын өндүрүштүк планын ишке ашыруу учурунда бардык экологиялык жана техникалык ченемдерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Кубатбек Боронов эске салгандай өкмөт жана "Centerra Gold" ишканасынын ортосундагы Стратегиялык келишимдин алкагында Жаратылышты өнүктүрүү жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонддору түзүлгөн. Анын айтымында, "Алтынкен" ишканасы дагы бул өңдүү фонддорду түзүүнү колдоп жатат.

«Биз Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында бул сыяктуу ишканалардын ишмердүүлүгүн кен объекти жайгашкан аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө аракеттештирүү багытына бурууну көздөйбүз. Кыска мөөнөттүн ичинде биз натыйжалуу жыйынтыктарга жетишкенибизди белгилеп кетким келет. Мисалы, эки жыл мурда алтын өндүрүүчү ишкананын жумушчуларынын айлык акысы 8-10 миң сом өлчөмүндө болсо, бүгүнкү күнү мында орточо айлык киреше салык жана социалдык чегерүүлөрдү эске алганда 40 миң сомдон жогору»,-деди Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.