Жаңылыктар
Кыргызстан менен Мьянма футбол командалары 10-октябрда беттешет
Спорт
Кыргызстан менен Мьянма футбол командалары 10-октябрда беттешет

10-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында өз жеринде алгачкы беттешин өткөрөт. Анда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянманын курама командалары ойнойт. 

Аталган оюнга атамекендик курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 23 футболчуну чакырган. Ошондой эле, Азия Кубогунан бери улуттук курамда ойной элек Валерий Кичин да чакыруу алган. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилип калган. Оюн 10-октябрда кечки саат 20:30да башталат.